Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Жарандык коом өкүлдөрү парламентке регламент боюнча кайрылуу жолдошту


БИШКЕК. Кыргызстандагы жыйырмага жакын бейөкмөт жана коомдук уюмдар Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жолдошту. Анда алар парламенттин регламенти жөнүндөгү мыйзамга «шайлоочулар отурумда сүйлөнгөн сөздөрдүн стенограммасын, добуш берүүлөрдүн жыйынтыгы жана башка маалыматтарды эч тоскоолдуксуз ала алат» деген жобо киргизүүнү сунуш кылышты. Бул кайрылуу ушул маселе боюнча өткөн бүгүнкү «тегерек стол» жыйынында кабыл алынды. Жыйындын катышуучулары мындай норма өлкөдө демократия менен жарандардын активдүүлүгүн, депутаттардын жоопкерчилигин жогорулатууга зарыл деп белгилешти. Ушундай эле кайрылууну парламенттин спикерлери Алтай Бөрүбаев менен Абдыганы Эркебаевге Андрей Сахаров фондунун вице-президенти Алексей Семенов да жиберген. Анын кайрылуусунда «документтерди алууга тыюу салуу - тоталитардык доордун эски калдыгы» экени айтылат.

XS
SM
MD
LG