Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:48

Швецияда жашаган эки түркмөндү Ашгабад Түркмөнстанга өткөрүп берүүнү талап кылууда


Түркмөнстандын тышкы иштер министрлиги бүгүн Швеция өкмөтүнө кайрылып, Сапармурад Ниязовдун өмүрүнө кол салууга катышкан деп шектелген эки адамды Ашгабадка өткөрүп берүүнү дагы бир жолу талап кылды. Түркмөнстандын айыл чарба министринин мурдагы биринчи орун басары Сапармурат Ыклымов жана окумуштуу Халмурад Есенов азыр Швецияда жашайт жана Түркмөн өкмөтүнүн айтымында, алар ноябр айында орун алган кол салууну уюштурууга катышкан. Швеция өкмөтүнүн айтымында, Ыклымов азыр швед жараны, ошондуктан аны Түркмөнстанга өткөрүп берүү мүмкүн эмес, ал эми Есенов тууралу талапты алар алган эмес.

XS
SM
MD
LG