Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:22

Палестина өкмөтүнүн курамы бүгүн түнгө чейин аныкталууга тийиш


Палестина автономиясынын премьер-министри Махмуд Аббастын айтымында, жаңы өкмөттүн курамы боюнча сүйлөшүүлөр уланууда. Мурда коюлган чек боюнча, өкмөт 23-апрелдин түнүнө чейин түзүлүп бүтүүгө тийиш жана министр Саеб Эрекаттын айтымында, маселе бүгүн чечилет: "Махмуд Аббас бардык тоскоолдуктардан өтүп, өкмөт курамын аныктайт деп мен ишенем жана бүгүн түнкү саат он экиге чейин анын чечими Палестина парламентине тапшырылууга тийиш". Аббас тандаган кээ бир министрлерге төрага Ясир Арафат каршы болуп келген жана маселени чечүү үчүн 23-апрелде Рамалла шаарына Мисирдин чалгындоо кызматынын башчысы Омар Сулейман келди. Аббас менен Арафат бүгүн ички коопсуздук министри кылып Таеб Абделрахимди дайындоого макулдашты, ал эми ички иштер министри болуп Аббас өзү иштейт.

XS
SM
MD
LG