Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:04

Ирактын жүз миңдеген шиийлери Карбала шаарына зиярат кылууда


Ирактын Карбала шаарында 23-апрелде жүз миңдеген адам чогулду, алар пайгамбар Мухаммеддин небереси имам Хусейндин жетинчи кылымда каза болгон жерине зиярат кылууда. Президент Саддам Хусейндин учурунда мусулман шиийлердин мындай зияратына уруксат берилген эмес. Ирактын 24 миллион калкынын 60 пайызын шиийлер түзөт. Карбалада чогулгандардын кээ бирлери - америкалык аскерлердин Ирактан тез арада чыгып кетишин талап кылууда. Андай митингдерге 22- жана 23-апрелде үч миңдей адам чогулду.

XS
SM
MD
LG