Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:40

Франция менен Кытай - Иракка каршы чектөөлөрдү алып салууга каршы эмес


Франциянын тышкы иштер министри Доминик де Вильпен 22-апрелде Анкарада чыгып сүйлөп, Иракка каршы мурда жарыяланган аскерий эмес чектөөлөрдүн баары тез арада алып салыныш керек деп билдирди: "Согуштан кийинки түзүлгөн жаңы кырдаалды эске алыш керек. Албетте, эл аралык мыйзамдардын баарынын сакталышы менен кошо, биз тез арада Бириккен Улуттардын Иракка каршы жарыяланган санкцияларын алып салыш керекпиз". Анын алдында Кытай дагы ушундай пикир билдирген. Орусиянын тышкы иштер министрлиги болсо мурда - чектөөлөрдү алып салуу үчүн, Иракта кеңири кыруучу куралдын жок экендиги делилденүүгө тийиш деп чыккан. Европа Биримдигинин тышкы маселелер боюнча комиссары Крис Паттен 23-апрелде атайын билдирүү жасап, согуштан кийинки Иракты калыбына келтирүү иштеринде негизги мааниге Бириккен Улуттар ээ болууга тийиш деп билдирди.

XS
SM
MD
LG