Башкеңсеси Парижде жайгашкан "Чек арасыз кабарчылар" уюму Америка өкмөтүн Ирактагы согуш учурунда дайынсыз жоголгон журналисттерди издөөгө жетиштүү аракет көргөн жок деп күнөөлөдү. Франциялык телеоператор Фред Нерак жана Ливандык котормочу Хусейн Осман 22-мартта Басра шаарынын алдындагы салгылаштар тууралуу кабар бергенден бери өлүү-тирүүсү беймаалым бойдон. Ал жердеги урушта британиялык журналист Терри Лилойд курман болгон. Эл аралык "Чек арасыз кабарчылар" уюму өз билдирүүсүндө согушта жоголгон маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн издөө жөнүндөгү талаптарга Пентагон көңүлкош жооп бергенин кошумчалап, бул фактыны эл аралык мыйзамдардын негизинде сотко берүү жагын караштырып жатканын белгилейт.