Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:56

Чеченстанда 3 жетекчинин өлүгү табылганы кабарланууда


Такталбаган маалыматтар боюнча, ушул аптада Чеченстанда дайынсыз жоголгон чечен администрациясынын үч өкүлү киши колдуу болуп өлгөнү аныкталды. Москва колдогон чечен бийлигинин атын атабоону өтүнгөн кызматкеринин айтымында, ок жеп өлгөн үч жетекчинин сөөгү шейшембиде Гудермес шаарында машиненин ичинен табылган. Алардын арасында Гудерместин райондук акиминин орун басары Вячеслав Санько да бар. Ушул эле булактан алынган маалыматка караганда, соңку 24 саат ичинде бир чечен милиционери жана эки орус аскери козголоңчулардын кол салуусунан набыт болушту. Бул кабарлар расмий бийлик органдары тарабынан тастыктала элек.

XS
SM
MD
LG