Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:19

Палестин жетекчилигиндеги араздашуу аяктады


Палестин бийлигинин өкүлү билдиргендей, автономия башчысы Ясир Арафат менен жаңыдан дайындалган премьер-министр Махмуд Аббастын ортосундагы министрлик кызматтардын тегерегиндеги талаш чечилди. Эки жетекчи Палестинанын ички коопсуздук кызматынын башчылыгына Мохаммед Дахланды дайындоону макулдашышты. Премьер-министр Аббас бир эле учурда ички иштер министринин да милдетин аткармай болду. Мурдараак жаңы премьер өткөн түнү жаңы министрлердин ысымдары такталып бүтпөсө, отставкага кетээрин эскерткен. Вашингтон палестин жетекчилигиндеги талаш-тартыш жөндөлгөнүн кубаттап, эми парламент министрлер кабинетин бекитсе, Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу боюнча АКШ даярдаган "жол картасы" аттуу план жарыяланаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG