Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:08

Түркмөнстанда кармалган америкалык жаран АКШга өткөрүлүп берилет


АКШнын Түркмөнстандагы элчиси Лора Кеннеди 24-апрелде тараткан маалыматка караганда, Ашгабатта кармалган америкалык жаран АКШга өткөрүлүп берилет. Леонид Комаровский аттуу жигит - ноябр айында президент Сапармурат Ниязовдун өмүрүнө кол салууну уюштурууга катышкан деп кармалган. Ал окуядан кийин Түркмөн сыналгысы Комаровский жана башка адамдардын күнөөнү мойнуна алганын көрсөткөн, бирок адам укугун коргоо уюмдарынын айтымында, кармалгандар катуу кыйналган. Оппозициянын айтымында болсо, кол салууну Түркмөнстандын коопсуздук кызматы өзү атайлап уюштурган. Кармалган алты түрк жараны да жакында Түркияга өткөрүлүп берилди.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG