Иракка келген Британиянын коргоо министри Жефф Хундун айтымында, Бириккен Улуттардын инспекторлорунун Ирактагы аракеттерин улантууга азырынча зарылчылык деле жок. Министрдин пикиринде, алардын ишин Багдадка каршы согушкан коалицияга кирген мамлекеттердин бири жасашы мүмкүн. Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан 23-апрелде - Ирактын кеңири кыруучу куралын издеп табуу үчүн эл аралык инспекторлор гана жооптуу деп билдирген, бирок Америка Кошмо Штаттары ага каршы.