Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Август, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:51

Ирактын убактылуу башкаруучусу жаңы өкмөт түзүү аракеттерин көрүүдө

Ирактын убактылуу америкалык башкаруучусу Жей Гарнер 24-апрелде Багдад шаарында Ирактын келечегин талкуулаган жыйын баштады. Ага өлкөнүн жергиликтүү жетекчилери, окумуштуулар жана башка өкүлдөр катышууда. Бирок Ирактын Улуттук конгрессинин башчысы Ахмад Чалаби жана өзүн-өзү Багдаддын мэри деп жарыялаган Мохаммед Мохсен аз-Зубайди жыйынга келген жок. Гарнердин орун басары, британиялык генерал Тим Кросс жыйында айтканга караганда, исламдык өкмөт түзүү ниети Ирактын бүткүл элине таандык эмес.
XS
SM
MD
LG