Бишкек, 24-апрель. «Келечек долбоору» фонду менен «Республика» гезити 30-апрелде «Оппозиция: Күрөш бийлик үчүнбү же демократиялык баалуулуктарды сактоо максатындабы?» деген аталышта тегерек үстөл талкуусун өткөрүүнү болжоп жатат. «Саясий өсүштү демократиялаштыруу - коомдун башкы милдети катары», «Демократиялык кайра түзүүлөр - Кыргызстанды өнүктүрүүнүн зарыл жолу», «Оппозиция - өнүгүү жолу катары» өңдүү темалар талкууга сунушталууда. Талкууга оппозициялык маанайдагы бардык партиялар, парламент мүчөлөрү, таасирдүү маалымат каражаттарынын жетекчилери, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, Кыргызстан акыйкатчысы, Мамлекеттик катчы, Коопсуздук кеңешинин катчысы, Юстиция министри, АКШнын демократиялык институтунун, АКШнын, Германиянын, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун Кыргызстандагы элчилери жана өкүлдөрү чакырылууда. Тегерек үстөлдөгү талкууга ЕККУнун Бишкектеги миссиясы колдоо көрсөтөт. Бул тууралуу бүгүн «Республика» гезитинин башкы редактору, тегерек үстөлдөгү талкуунун алып баруучусу Замира Сыдыкова маалымдады.