Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:04

Эл аралык коомчулук жер көчкүдөн жабыр тарткандарга жардам берет


Бишкек, 24-апрель. Дүйнөлүк Банк Өзгөн районундагы көчкүдөн жабыр тарткандарга 5 млн доллар өлчөмүндө жардам берет. Бул тууралуу бүгүн Дүйнөлүк Банктын Айыл чарбасына байланыштуу программасынын жетекчиси Готц Шрайбер президент Аскар Акаев менен жолугушуудан кийин билдирди. Дүйнөлүк Банк «Айылды каржылоо долбоору» деген жаңы программаны жүзөгө ашыра баштады жана анын алкагында Кыргызстанга 15 млн доллар бөлмөкчү.Анын бир бөлүгү гранттык негизде берилет. Бул долбоор айыл өкмөттөрүнө жана кеңештерине жардам берүүнү көздөйт.
Готц Шрайбер башында турган Дүйнөлүк Банктын миссиясы Кыргызстанда ишемби күнгө чейин болот.
Бүгүн президент Аскар Акаев Вашингтондук ACDI/VOCA корунун вице президенти Денис де Сантисти да кабыл алды. Кор Кыргызстанда 2000-жылы «Байтүшүм» аттуу чакан кредит берүүчү корду уюштурган жана ал кыргызстандыктарга 11 млн. доллар өлчөмүндө жети миң кредит берген.

XS
SM
MD
LG