Бишкек, 24-апрель. Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны бүгүнкү отурумунда «Мунапыс жөнүндөгү» мыйзамды кабыл алды. Ага ылайык Кыргызстандын түрмөлөрүндө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 786 жаран бошотулуп, 15 миң адамдын жаза мөөнөтү азайтылат. «Мунапыс жөнүндөгү» мыйзам Кыргыз өкмөтү менен депутат Азимбек Бекназаровдун долбоорлорунун биргелешкен редакциясында кабыл алынып, ал Кыргыз Конституциясынын 10 жылдыгына жана Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналды. Акыркы талкууда депутаттар мамлекетке береселерин төлөгөн экономикалык кылмышкерлерге мунапыс берүү тууралуу жобого каршы болушту, ал эми киши өлтүрүү боюнча соттолгон, 58 жаштан жогорку курактагы 19 аялга мунапыс берүү сунушун колдошту. Мыйзамга ылайык, кургак учуктун оор түрү менен жабыркагандарга, ата-энеси майып же экиден ашык балдары барларга, оор эмес кылмыш менен биринчи соттолгондорго, жашы жете электе биринчи ирет соттолгондорго, жаза мөөнөтү бир жылдан аз калгандарга, шарттуу кесилгендерге, жашы 63 жаштан ашкандарга мунапыс берилет. Мыйзам Президент кол койгондон баштап күчүнө кирет.