Мунай экспорттогон өлкөлөрдүн бирикмеси, же ОПЕК уюму Иракта согуш аяктап, эми ал жакта да кара май чыгарыла башташы ыктымал болгондуктан, өз үлүшүндөгү мунай өндүрүшүн күнүнө 2 млн баррелге кыскартуу тууралуу чечим кабыл алды. Дүйнөлүк мунай өндүрүшүнүн үчтөн бири таандык ОПЕКке кирген 11 өлкөнүн өкүлдөрү бейшембиде Венада жолугушкан. Анын соңунда жарыяланган чечимге ылайык, 1-июндан тарта ОПЕКке мүчө өлкөлөр күнүнө азыркы 27,4 млн баррелдин ордуна 25 млн баррелден ашуун мунай чыгара баштайт. Уюмдун жетекчилиги мунайдын бир баррелинин баасы 22-28 доллардын аралыгында болушу бардык тараптар үчүн ыңгайлуу экенин кошумчалашты.