Ооруга жаңыдан чалдыккан 180 киши аныкталды, алардын 100дөн ашыгы Пекинде катталды. Шаардын төрт миңдей тургуну азыр карантин жайында кармалып турат. Калкка медициналык атайын уруксатсыз борбордон кеткенге тыюу салынды. Гонконгдо өткөн суткада бул илдеттен алты кишинин өмүрү кыйылды. Филиппинде да бейдабаа оорунун биринчи курмандыгы катталды. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эсеби боюнча, дабаасыз өпкө илдетинен көз жумгандардын саны 260тан ашты, ооруга чалдыккандар төрт миңге чукулдап калды. Малайзиянын борборунда бул илдетке каршы күрөшүү жолдоруна арналган эл аралык конференция ачылды.