Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:15

Япония АКШны Пхеньян менен сүйлөшүүлөрдү улантууга чакырды


Өлкөнүн коргоо мекемесинин башчысы Сигэру Исиба Түндүк Корея өзүнүн ядролук куралдарын өркүндөтүп жаткандыгынан Токионун кадиксиз маалыматы жоктугун,ушул көз караштан улам мындан ары да Вашингтон менен маалымат алмашып, ишти тактоого аракеттенерин белгиледи. Эгер Пхеньяндын колунда аталган курал бар экени ырас болсо, анда бул Японияга, жалпы эле түндүк-чыгыш Азияга туула турган коркунучту күчөтөт,деп айтты Исиба. Түштүк Кореянын бийликтери да бүгүн ушундай маанидеги тынчсыздануусун билдирди. Өлкөнүн тышкы иштер министри Юн Ен Гван Пхеньян Корей жарым аралын бейядролук аймакка айлантуу жөнүндөгү келишимди бузуп жатат деп билдирди. Бүгүн ал Сэулда АКШнын атайын өкүлү Жеймс Келли менен жолугуп, Пекиндеги үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктарын талкуулады.

XS
SM
MD
LG