Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:52

Иракты ирактыктар башкарат


Багдадда америкалык утурумдук администрациянын башчысы Жей Гарнер бүгүн илимпоздор жана жергиликтүү жамаат башчылары менен жолугушуп, аларды Иракты биротоло бийлеп калганга америкалыктардын ниети жоктугуна ишендирди. Гарнердин сөздөрүнө ылайык, эмдиги аптада жаңы ирак өкмөтүн түзүү иши башталат. Министрликтерди жана өкмөттүн башка структураларын түзүп,кайра куруу иштери башталган соң, ирактыктар жаңы башкаруу системасын жана саясий жетекчиликти кабыл алганга даяр болгондо биз бийликти аларга өткөрүп беребиз, деп айтты Гарнер.

XS
SM
MD
LG