Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:39

Баткенде кыргыз жана тажик жеткинчектеринин «Өнөр - достукка данакер» аттуу жолугушуусу болду


БАТКЕН. Бул достук салтанатты Эл аралык «Мээрим» кайрымдуулук фондунун облустук бөлүмү уюштурду. Анын ачылышында облустук координатор Салима Абдрахманова менен Исфара шаар башчысынын орун басары Мухабат Якубова сөз сүйлөшүп, кошуна жашаган эки элдин кылым карыткан достук мамилелерине токтолуп, аны кийинки муундар да татыктуу улантышын каалашты. Андан соң «Мээрим» фондунун Баткен шаарындагы тарбиялануучулары менен Тажикстандын Исфара шаарынын мектеп окуучулары улуттук аспаптардын коштоосунда өз өнөрлөрүн тартуулашты. Ошондой эле эки улуттун балдары бири-биринин тилиндеги чыгармаларды аткарышты. Салтанаттын экинчи бөлүгү эки тараптын тажрыйба алмашуусу жана балдардын оюн-зооктору менен уланды.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Айданбек Акмат уулу

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG