Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:42

Бишкекте интеллектуалдык менчик маселелерине арналган жыйын болду


БИШКЕК. Бүгүн Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде эртең белгилене турган Интеллектуалдык менчикти коргоонун эл аралык күнүнө карата жыйын болду. Аны Интеллектуалдык менчик боюнча өкмөт алдындагы мамлекеттик агенттиктин башчысы Роман Оморов ачты. Анын айтымында, интеллектуалдык менчикти коргоо боюнча өлкөдө мыйзамдык база түзүлгөн. Бул багытта 12 мыйзам кабыл алынып, 20 эл аралык келишимге кол коюлду. 1993-жылдан бери агенттик 1800 интеллектуалдык менчик объектилерин , 30 миң товардык белгини каттады. Жыйында бир катар кыргызстандыктар Интеллектуалдык Менчик боюнча Эл аралык Уюмдун медалы менен сыйлангандыгы маалымдалды.

XS
SM
MD
LG