Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:00

Карабууранын Кызыладырында ачкачылык акциясы уланууда


ТАЛАС. Карабуура районундагы Бейшеке айыл өкмөтүнө караштуу Кызыладыр айылынын тургуну Мейликан Орозбекова 22-апрель күнү эртең менен баштаган ачкачылыгын улантууда. Ал өзүнүн жана 66 айылдашынын 6,5 гектар жери бир нече жылдан бери ижарага берилип атканына нааразылык билдирип атат. Мейликан Орозбекованын тарапкерлеринин бүгүнкү маалыматына караганда, 3 күндөн бери анын ал-абалына, койгон талаптарына бийлик адамдары кызыккан жок. Райондук сот «тийиштүү документтер топтоло элек» деп, анын арызын карай элек. Орозбекованын ден-соолугу азырынча дурус.

XS
SM
MD
LG