Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:37

Сузактагы Көгарт дарыясынын ташып кетүү коркунучу четтетилди


ЖАЛАЛАБАД. Көгарт дарыясындагы суунун көлөмү бүгүн эртең менен секундуна 350 куб.метрге басырылды. Кечээ түштөн кийин суунун көлөмү 500 куб.метрге көтөрүлүп, дарыянын жээгинде жашаган жүздөн ашык үйдү суу каптоо коркунучу пайда болгон. Ал жердеги эл райондук резерв батальон менен аскерлердин жана ыктыярдуу куткаруучулардын көмөгү менен убактылуу көчүрүлдү. Жээкти бекемдөө жана элди көчүрүү ишине 46 техника менен 235 адам катышты. Алабука районундагы Өрүктүсай дарыясында жер көчкү жүргөндүктөн, ал аймактагы 10 үй-бүлөнү коопсуз жайга көчүрүүгө аракет көрүлүүдө. Базаркоргондун Карүңкүр дарыясындагы суунун деңгээли көбөйгөндүктөн, жээкти бекемдөө иштери күчөтүлдү. Кырсыктарды болтурбаш үчүн облуста атайын штаб түзүлдү.

XS
SM
MD
LG