БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана конституциялык мыйзамдар маселелери боюнча комитети Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүндө орун алган терс көрүнүштөр жана алардын алдын алуу, жоюу чаралары боюнча коомдук талкуу өткөрдү. Анда Куралдуу күчтөрдө арбын катталган уставга жат көрүнүштөр жана алардын негизги себептери талкууланды. Комитет төрагасы Валерий Дилдин билдиргенине караганда, аскер кызматчыларынын, айрыкча кыска мөөнөттүү кызмат өтөгөндөрдүн жалпы маданиятынын төмөндүгү, жаштарга берилген идеялык-атуулдук тарбиянын начардыгы жана Куралдуу күчтөрдө айкындыктын жоктугу терс көрүнүштөргө негиз болууда. Ал эми аскер прокурорунун орун басары Кубатбек Кожоналиевдин айтымында, кызмат орундарынан качып кеткен 600 чакты аскерлер изделөөдө. Ал эми өздөрү кайтып келген 100дөй жоокерге мунапыс берилген. Бирок, мунапыс берүү кызматтан качуунун өнөкөткө айланышын шарттап келет. Коомдук талкуунун жыйынтыгында комитет маселени дагы кошумча иликтеп, парламенттик талкууга даярдап, анын жыйынтыгын президентке жана коомчулукка билдирүүнү чечти.