Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:11

Германияда автобусту барымтага алган жигит Ливандын жараны болуп чыкты


Бремен шаарында жолдо бараткан автобусту алты саатча барымтага алган ливандык жигит АКШда 11-сентябрдагы терактка байланыштуу камакка алынган тууганын бошотууну талап кылган. Бул тууралуу жергиликтүү коопсуздук кызматынын башчысы барымтадагылар бошотулгандан кийин билдирди. Окуядан эч ким жабыр тарткан жок. Сөзгө келбеген ливандык барымтачы автобусту Ганновер тарапка айдатып баратканда, полициячылар күтүүсүз чабуул коюп, унаанын ичиндеги адамдарды бошотуп алышкан. Немец бийликтери ушуну менен соңку эки апта ичинде экинчи автобуска кол салуу болгонун айтышат.

XS
SM
MD
LG