Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:32

Жеке ветеринардык кызмат ишке кирди


НАРЫН. Бүгүн облустук ветеринардык башкармалыктан алынган маалымат боюнча, жеке ветеринардык 54 кызмат өз алдынча ассоциацияга биригишти. Алар опурталуу эпизотиялык абал түзүлгөн учурларда күч аракеттерди бириктирип, малдын чыгашага учурабай айыгып кетишин камсыз кылууга аракеттенишет. Ветеринардык иш чаралар мал ээлери менен түзүлгөн келишимдердин негизинде ишке ашырылат. Ал эми усулдук жардамдар мамлекеттик маанидеги ветеринардык кызматтар тарабынан көрсөтүлүп турат.

XS
SM
MD
LG