БИШКЕК. Жума күнү Москва шаарында өткөн КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышкан премьер-министр Николай Танаев башында турган кыргыз делегациясы Бишкекке кайтып келди. Өкмөттүн басма сөз кызматынын бүгүнкү маалымдашынча, Москвадагы жыйынга Николай Танаев төрагалык кылып, анда валюта рыногунда кызматташуу, Россиянын көргөзмө борборунда жалпы КМШынын туруктуу иштей турган көргөзмөсүн уюштуруу, 2003-жылкы биргелешип өткөрүлүүчү иш чараларды каржылоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана башка маселелер талкууланган. Кеңештин жыйынында Николай Танаев орус өкмөт башчысы Михаил Касьянов менен жолугушуп, Өзгөндөгү жер көчкүдөн жабыр тарткандарга курама үй бөлүп берүүнү жана Москвадагы кыргыз элчилигинин имаратын Кыргызстанга өткөрүп берүүнү сунуштады. Өкмөт башчыларынын кезектеги жыйыны сентябрь айында Ялтада өтмөкчү.