Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:29

Германиянын Бишкекте өтчү экономикалык күндөрү


БИШКЕК. 28-апрелден 1-майга чейин Бишкекте Германиянын экономикалык күндөрү өтүп, анда Германиянын айрым фирмаларынын бет ачаары болот. Бул тууралуу бүгүн Кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматы кабарлады. Кыргызстан менен Германия ишкерлеринин кызматташтык чөйрөсүн кеңейтүү максатын көздөгөн бул иш чарага 40 ишкер катышаары күтүлүүдө. Кыргызстандын негизги экономикалык өнөктөштөрүнүн бирине айланган Германия экономика күндөрү башталаар алдында Германиянын Кыргызстандагы элчиси Клаус Ахенбех журналисттерге маалымат берери болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG