Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:43

Кыргызстанда коррупциянын тамыры терең


БИШКЕК. Донорлор КМШдагы 7 жарды мамлекеттин ичинен коррупцияга эң катуу баткан мамлекет деп Кыргызстанды аташты. Бул Дүйнөлүк банк, Эларалык валюта кору, Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы, Азия өнүктүрүү банкы тарабынан өткөн жылы ишкерликтин абалын иликтөөсүнүн натыйжасында аныкталган. Аталган банктар пара берүүнүнүн деңгээлин аныктоо боюнча иликтөөнү жети мамлекетте: Армения, Азербайжан, Грузия, Кыргызстан, Молдова, Тажикстан жана Өзбекстанда жүргүзүп, Кыргызстанда гана фирмалардын кирешесинен пара берүүсү 3,8% өскөнүн аныктаган. 1999-жылы бул көрсөткүч Кыргызстанда 2,4% түзгөн. Ал эми Арменияда 4,2% дан 0,9%га, Өзбекстанда 2,5%дан 1,5% га төмөндөгөн. Коррупцияга тоскоол коюу максатында Эларалык валюта кору Кыргызстандын казыначылыгына туруктуу кеңешчилерин коюуга даярданууда. Мындай маалыматты донорлор апрель айынын орто ченинде таратканын «Акипресс» агенттиги жума соңунда кабарлады.

XS
SM
MD
LG