ЖАЛАЛАБАД. Жакырчылыкты азайтуу форумуна шаар, райондордун, мекеме, уюмдардын, айыл өкмөттөрдүн, өкмөттүк эмес уюмдардын башчылары, ПРООНдун жергиликтүү адистери катышты. Облустун калкынын 49,8 пайызы же 90 миң үй-бүлө жакыр экендиги белгиленип, аларга даректүү жардамдар берилери айтылды. Форумда Жогорку Кеңештин депутаты Тойгонбек Калматов жетекчилердин ар бирин бирден жакыр кишини шефке алууга чакырды. Быйылкы жылы кедейчиликти облуста 5 пайызга кыскартуунун ыкмасы катары өз ара жардамдашуучу фонддорду, микрокредиттик топторду түзүүгө, ишкердүүлүктү өнүктүрүүгө басым жасалды.