БИШКЕК. Бул күндөрү Кыргызстандын транспорт жана коммуникация министри Кубанычбек Жумалиев, мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тышкы инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Равшан Жээнбеков Сауд Аравиясында жумуш сапары менен жүрүшөт. Сапардын максаты - Ислам өнүктүрүү банкы менен Суусамыр-Талас-Тараз жолун оңдоо боюнча кредиттик келишим түзүү . Бул тууралуу бүгүн Кубанычбек Жумалиевдин жардамчысы Темирбек Токтогазиев билдирди. Анын маалыматы боюнча, Ислам өнүктүрүү банкынын Суусамыр-Талас-Тараз жолун оңдоого катышуусу жөнүндө сүйлөшүүлөр буга чейин жүрүп, анда алдын-ала макулдашууга жетишилген. Жолду оңдоого Ислам банкы тарабынан 14 млн доллар каражат бөлүнөрү белгиленүүдө.