Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:37

Башкы дарыгер шектүү оору жоктугун айтты


БИШКЕК. Бүгүн Бишкектеги Республикалык инфекциялык ооруканада Кытай өпкө кагыны илдетине кабылган оорулуу катталган жок, деп билдирди аталган оорукананын башкы дарыгери Нуриса Муратова. Ал ошондой эле мындай илдет менен жабыркагандар башка ооруканаларда катталганы тууралуу да маалыматы жогун айтты. Соңку күндөрү Кытайда узак мөөнөт жүрүп кайткан кыргызстандык жаран Кытай өпкө кагынына кабылганбы деген шек менен ооруканага жаткырылгандыгы тууралуу маалымат тараган. Дүйнөлүк маалыматтарда бул илдет менен дүйнөдө 3,5 миңден ашык адам жабыркап жаткандыгы жана анын дабаасы табыла электиги айтылууда.

XS
SM
MD
LG