Жүргүнчүлөрдү ташыган самолетту басып алып, Америкага өтө качкысы келген үч адамга чыгарылган өлүм жазасын Кастро ушундайча комментариялады. Өкүм ишке ашырылды. Муну менен Кошмо Штаттардын Кубага каршы аскерий операциясына шылтоо боло турган себеп жоюлду, деп айтты Кастро. Жакында элде Кубада улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген деген айып менен жетимиштен ашуун диссидент узак мөөнөткө түрмөгө кесилди. Рим Папасы Иоанн Павел II соттолгондорго ырайым кылууну өтүнүп,Кастрого кайрылды.