Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:52

Багдаддын түштүгүндө курал-жарак кампалары жарылып, калктын үрөйүн учурду


Бул жерде коалициянын күчтөрү ирак армиясынан конфискациялап алган ок-дүрмөттөр сакталып турган. Аларды ким бирөөлөр күйгүзмө снаряддан аткылап, жанаша турган кампалар биринен сала бири жарыла баштаган. Такталбаган маалыматтар боюнча, кампага жакын турган бир канча турак үй кыйрады. Коалициялык командачылыктын өкүлдөрү жарылуудан алты киши набыт болгонун айтышты, мурдагы кабарларда алардын саны бери дегенде кыркка жетери айтылган эле. Багдадда калк апалаң-тапалаңга түшүп, баш аламандык башталды. Жарылуу болгон жерге эч кимди өткөрбөй, жол тосуп турган америкалык солдаттарды сүрмө топ ташбараңга алышты. Андан соң Багдадда массалык демонстрация болуп, америкалык аскерлерди Ирактан чыгарууну талап кылышты.

XS
SM
MD
LG