Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:07

Кыргызстанда дагы эле көчкүлөр жүрүп атат


БИШКЕК. Кечээ кечинде Ош-Хорог жолунун 76-чакырымында көчкү жүрүп, жол жабылды. Ал жерде тазалоо иштери жүрүүдө. Кырсыктан эч ким жабыркаган жок. Бул тууралуу маалымат бүгүн Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин оперативдик бөлүмүнөн алынды. 20-апрелде Өзгөндүн Каратарык айылында болгон жер көчкүдөн жабыркагандар коопсуз жерге көчүрүлүүдө. Алар 21 үй бүлө. Андан тышкары, Бишкек-Торугарт жолунун 292-чакырымы тазаланып атат. Жол ачыла элек. Бул эл аралык маанидеги жолду 23-апрелде чоң көчкү басып калган.

XS
SM
MD
LG