Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:29

Дүйшөмбү шаарында Евразия Экономикалык Шериктештигинин саммити башталды


БИШКЕК. Бүгүн Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында Евразия Экономикалык Шериктештигине (ЕврАзЭС) кирген мамлекеттердин президенттеринин саммити башталды. Ага президент Аскар Акаев баштаган кыргыз делегациясы да катышууда. Саммитте Шериктештиктин алкагында интеграциялык жараяндардын жүрүшү, анын аткаруу комитетиндеги кадрдык маселелер жана Арменияга Шериктештиктеги байкоочу статусун берүү жана башка 20дан ашуун маселе каралат. 2000-жылы түзүлгөн Евразия Экономикалык Шериктештигине Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчө. Бул мамлекеттердин президенттери эртең Армениянын президентинин катышуусу менен Коллективдүү Коопсуздук Келишиминин кеңешинин жыйынын да өткөрүшөт. Бул алты мамлекет 2002-жылы Кишиневдо Коллективдүү Коопсуздук Келишимин эл аралык статуска ээ болгон уюм катары түзүү тууралуу келишимге жетишкен жана Дүйшөмбү саммитинде Коллективдүү Коопсуздук Келишим Уюму юридикалык жактан бекитилет. Андан тышкары, президенттер уюмдун ишин тейлөөчү документтерди кабыл алышат. Дүйшөмбү саммитине президент Аскар Акаев менен тышкы иштер министри Аскар Айтматов, коргоо министри Эсен Топоев катышууда.

XS
SM
MD
LG