Ишембиден жекшембиге караган түнү Чеченстандын Урус-Мартан районунда эки жергиликтүү тургунду белгисиз бирөөлөр уурдап кеткен. Аталган райондун админстрация башчысы Ширвани Ясаевдин айтымында, түн ичинде куралдуу белгисиз бирөлөр үйгө жулунуп кирип, Лечи жана Ибрагим атуу эки бир тууганды коркутуп авто унаага салып кетишкен. Азырынча алардын өлүү же тирүү экендиги белгисиз.
Кабарларды даярдап, окуган Бакыт Аманбаев
Кабарларды даярдап, окуган Бакыт Аманбаев