Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:54

Тажикстанда Евразия экономикалык кызматташтыгына кирген өлкөлөрдүн саммити башталды


Орусиянын Тажикстанда жайгашкан аскердик базасы аталган өлкөгө коңшулаш Ооганстандан эл аралык террористердин басып кирүү коркунучу жоюлгучакты турат. Бул тууралуу кечээ Тажикстанга иш сапары менен келген Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин билдирди. Учурда Тажикстанда Орусиянын 19 миң аскери бар. Анын 11 миңи Тажикстандын Ооганстан менен чек арасын кайтарат. Ушул эле күнү Тажикстанда Евразия экономикалык кызматташтыгына кирген өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын саммити башталды. Евразия экономикалык кызматташтыгына Орусия, Беларус, Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан өлкөлөрү кирет.

XS
SM
MD
LG