Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:32

Жорж Буш Кытай төрагасы Ху Цзинтаого Түндүк Корея республикасына байланыштуу талаш-тартышты жөнгө салууга кошкон салымы үчүн ыраазычылыгын билдирди


АКШнын президенти Жорж Буш Кытай эл республикасынын башчысы Ху Цзинтаого Түндүк Корея республикасынын өзөктүк куралдарды чыгаруу программасын токтотууга байланыштуу талаш-тартышты жөнгө салууга кошкон салымы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Түндүк Кореяга байланыштуу маселени жөнгө салуу максатында өткөн аптада Пекинде өткөн жолугушууну “талаш-тартышты жөнгө салуудагы жакыш кадам” деп баалады. Кытайдын ортомчулугу менен өткөн ал сүйлөшүүгө АКШ, Кытай жана Кореянын өкүлдөрү катышышкан. Ушул эле маселе жекшемби күнү Пхеньяндагы Түштүк Корея менен Түндүк Кореянын жогорку бийлик өкүлдөрүнүн жолугушуусунда талкууланды.

XS
SM
MD
LG