Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:15

Бүгүн Тажикстанда Коллективдүү коопсуздук келишимине кирген өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын отуруму башталат


Жекшемби күнү Тажикстанда Евразия экономикалык кызматташтыгына кирген өлкөлөрдүн отуруму соңуна чыкты. Жыйында аймакта бирдиктүү бажы, транспорт системасын түзүп, өз ара карым-катнашты жеңилдетүү маселеси жана биримдикке кирген өлкөлөрдүн келечекте Дүйнөлүк соода уюмуна кирүү маселеси талкууланды. Орусиянын президенти Владимир Путин Дүйнөлүк соода уюмуна кирүү тууралуу мындайча өз оюн айтты:

-Эгерде, биз биргелешип иш алып барсак, Дүйнөлүк соода уюмуна татыктуу жана биздин улуттук өндүрүүчүлөргө ыңгайлуу экономикалык шартта кирүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар-

Ал эми бүгүн Тажикстанда Коллективдүү коопсуздук келишимине кирген өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын отуруму башталат. Жыйында Коллективдүү коопсуздук келишимин эл аралык уюмга айландыруу маселеси каралат. Келишимге Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Армения өлкөлөрү мүчө.

XS
SM
MD
LG