БИШКЕК. Эртең премьер-министр Николай Танаев баштаган өкмөт мүчөлөрү мамлекеттик телекөрсөтүүнүн түз эфирдеги берүүсүнө катышып, телекөрүүчүлөрдүн суроолоруна жооп беришет. Өкмөттүн басма сөз кызматынан бүгүн алынган маалыматка караганда, түз эфирдеги жолугушуу Кыргызстандын ушул жылдын биринчи кварталындагы экономикалык-социалдык өнүгүү жыйынтыктарына арналат. Көрсөтүүгө өлкөдөгү бардык массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү да катышат. Алардан басма сөз кызматы алдын-ала чогулткан суроолордун саны 40тан ашты.