Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:46

Көз карандысыз гезиттин апелляциялык арызын Бишкек шаардык соту канааттандырган жок


БИШКЕК. Бүгүн Бишкек шаардык соту «Кыргыз ордо» гезитинин апелляциялык арызын карап, Биринчи Май райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырды. Көз карандысыз гезитти Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Айдарбек Дүйшалиев өткөн жылы «Плагиат бажычы» аттуу макаласы үчүн сотко берип, макаладагы туура эмес маалыматтын тарашынан моралдык зыян тарткандыгы үчүн гезитти жаап, редакциядан өз пайдасына 500 миң сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн. Арызды караган Биринчи Май райондук соту редакциядан доогердин пайдасы үчун 350 миң сом өндүрүп берүү жана аны аткарыш үчүн гезиттин мүлкүн камакка алуу тууралуу чечимди 15-январда кабыл алган. Бишкек шаардык сотунун чечимине нааразы экенин билдирген «Кыргыз ордо» гезитинин башкы редактору Бекен Назаралиев Жогорку Сотко апелляциялык арыз менен кайрылаарын маалымдады. Мүлкү камакка алынганына байланыштуу «Кыргыз ордо» гезити өз алдынча чыга албай турат.

XS
SM
MD
LG