Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:45

Шектүү адам соо болуп чыкты


БИШКЕК. «Кытайдын өпкө кагыны менен ооруду» деп шек саналып, өткөн жума күнү ооруканага жаткырылган кыргыз жараны ооруканадан чыгарылды. Анткени тийиштүү текшерүүлөрдөн кийин анын мындай дарт менен оорубаганы аныкталды. Бул туурасында бүгүн Бишкектеги жугуштуу илдеттер ооруканасынын башкы дарыгери Нуриса Муратова кабарлады. Анын айтымында, кыргыз жараны Бээжинде соода иштери менен болуп келгенден кийин ооруп калгандыктан, катуу көзөмөлгө алынып, дыкат текшерүүлөрдөн өткөрүлгөн соң, кадимки эле сасык тумоого кабылганы аныкталган. Кыргызстандын башкы санитардык дарыгери Людмила Штейнке бүгүнкү маалымат жыйынында кыргыз жарандарына Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттерине, анын ичинде Кытай менен Гонгонгго барбай туруу сунушталганын маалымдады. Кытайда, Канадада, Гонконгдо жана Сингапурда күч алган бул жугуштуу дарттын дабасы табыла элек.

XS
SM
MD
LG