Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:07

“Союз ТМ-2” кемеси орбиталык бекет менен чиркешти


АКШлык астронавт Эдвард Лу жана россиялык космонавт Юрий Маленченко Эл аралык орбиталык станциянын ичине өтүштү.
“Союз ТМ-2” кемеси менен станция чиркешкенден кийинки операция 90 мүнөткө жакын созулду.
Лу менен Маленченко америкалык Кеннет Бауэрсокс, Доналд Петит жана россиялык Николай Бударинди алмаштырат.
Иш кезметин аяктаган бул үч космонавт жерге “Союз” кемеси менен кайтышат.
Унаа катары колдонулчу “Союз” Казакстандын Байкоңур космодромунан ишемби күнү учурулган .
Февраль айында АКШнын көп баскычтуу “Колумбия” кемеси конгону баратып жарылып кеткенден бери, америкалык кемелер учурулбай текшерүүгө коюлган.


Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Амирбек Азам уулу, Прага

XS
SM
MD
LG