Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:10

Вьетнам биринчи болуп САРС оорусун "тизгиндей" алды


Дүйнөлүк Саламаттык уюму Вьетнам бул табышмактуу оорунун жайылышын ийгиликтүү токтоткон биринчи өлкө болуп калганын жарыялады. Бул өлкөдө акыркы үч жумада САРС менен бир да жаңы оору катталган эмес.
Дүйнөлүк Саламаттык уюмуна ылайык, бүгүн Кытайдан башка бардык өлкөлөрдө САРС эпидемиясынын күчү кайта баштады.
Уюмдун Кытайдагы өкүлү Хенк Бекедам Кытайдын саламаттык системасындагы мүчүлүштүктөргө мындайча токтолду:

"Акыркы 20 жылда Kытайдын мамлекеттик саламаттык системасы жетиштүү каржыланбаган шекилдүү. Ошондуктан, бул система САРС сыяктуу оорулар менен күрөшкө даяр эмес болуп чыкты".

Кытайда 3 миңден ашык киши САРСты жуктуруп алса, алардын 139у кайтыш болду.
Дабасы табыла элек бул сыркоодон бүгүнгө чейин дүйнөдө 5 минден ашык оорулуу катталып, 340 киши ажал тапты.

XS
SM
MD
LG