Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:21

Багдаддын аба бекетинде америкалык аскерлер турган жайда өрт чыкты


АКШ армиясынын борбордук командачылыгынын маалымдашынча, Ирактын баш калаасындагы эл аралык аба бекетинде жардам борбору жана аскерлер жайгашкан бир нече бөлмө өрттөнүп кетти. Өрттүн эмнеден чыкканы белгисиз. Америкалык аскерлер аны беш саат дегенде өчүрүштү. Эки аскер ис уруп, ооруканага жатып чыкты.
Ал эми Ирактын түндүгүндөгү Мосул шаарындагы атышууда америкалык аскерлер кеминде эки ирактыкты атып өлтүрүштү. Атышууну ким баштаганы анык эмес. Мосулда ошондой эле жаңы ачылган гумжардам борборуна кол салуу болуп, кызматкерлер эвакуацияланды.

XS
SM
MD
LG