Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:24

Сербияда премьер-министр Зоран Жинжичтин өлтүрүлүшүнө байланыштуу 45 адамдын үстүнөн кылмыш иши ачылууда


Өлкөнүн Ички иштер министри Душан Михайловичтин билдиргенине караганда, айыпталып жаткандардын арасында серб улутчулдарынын лидери Воислав Шешель жана Югославиянын мурдагы президенти Воислав Коштуницанын эки жардамчысы бар. В.Шешель февраль айында Гаага трибуналына өз эрки менен багынып берген.Д.Михайловичтин айтымында, Жинжичтин өлтүрүлүшүнө түздөн- түз 15тей адамдын катышы бар. Алардын баары "Земун" деген кылмыштуу топтун мүчөлөрү. Зоран Жинжичти март айынын башында Белграддан атып кетишкен.

XS
SM
MD
LG