Махмуд Аббас жетектей турган жаңы өкмөттүн курамын Палестин лидери Ясир Арафаттын "Фатх" кыймылы кечээ жактырган. Арафат өзү да бүгүн парламенттен жаңы өкмөттү колдоп берүүнү өтүндү.Эми Махмуд Аббастын өкмөтүн парламент бекитсе - Жакынкы Чыгыш боюнча тынчтык планынын жарыяланышына жол ачылат. Жаңы планда эң бери дегенде 2005-жылдын башында Палестин мамлекетин түзүү каралган.Планды АКШ , Европа Биримдиги, БУУ жана Орусия менен биргелешип даярдады.