Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:20

Кытай жана Түштүк–Чыгыш Азия өлкөлөрү өнөгөсүз өпкө оорусуна каршы күрөшүүнүн жолдорун талкуулашты


Таиланддагы саммитке премьер-министрлер чогулду. Кытайдын өкмөт башчысы Вэнь Цзябаонун жыйында билдиргенине караганда, анын өлкөсүндө өнөгөсүз өпкө же кыскача айтканда "SARS" оорусуна чалдыккандардын саны өсүүдө жана бул проблема узакка созулат. Кытайда бүгүн эле " SARS "тан тогуз адам өлгөнү, дагы 200дөй киши дартка кабылганы кабарланды. Саммиттен соң таратылган билдирүүдө айтылгандай, дарттын жайылышын алдын алуу үчүн катаал чаралар көрүлүп, баажы жана аба бекеттеринде көзмөл күчөтүлөт. Тараптар " SARS " илдетине каршы күрөшүү жaатындагы кызматташтык программалары үчүн биргелешкен фонд түзүүнү да макулдашты. Кытай ал фондго 1 миллион 200 миң доллар которууга даяр экенин билдирген. Ооруудан улам каза тапкандардын саны дүйнөдө 350дөн ашты, 5000 миңдей киши " SARS " вирусун жуктуруп алган. Алардын басымдуу бөлүгү - Азия өлкөлөрүнүн тургундары.

XS
SM
MD
LG