Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:15

АКШнын командачылыгы америкалык аскерлер ирактык демонстранттарга каршы озунуп ок аткан деген маалыматтарды төгүндөөдө


Окуя кечээ кечинде Багдаддан батыш тарапта жайгашкан Фаллужа шаарында болгон. Маалыматтар боюнча анда 13 адам өлүп,дагы 45тей киши жаракат алды. АКШ армиясынын өкүлдөрүнүн билдиргенине караганда,алар демонстранттардын ичинен кимдир бирөөлөр америкалык аскерлерди аткылангандан кийин жооп ирэтинде ок чыгарган. Күбөлөрдүн айтымында, америкалык аскерлер демонстранттар алар ээлеп турган мектептин имаратына жакындаганда атышкан. Ал эми "ал-Жазира" телеканалы аскерлер демонстранттардын арасынан аларды көздөй таш ыргытылгандан кийин ок чыгарганын маалымдады. Фаллужа шаарында бүгүн да бир нече миң адам кечээ курман болгон ирактыктардын үчөөсүнүн сөөгүн жерге коюу учурунда да анти-америкалык ураан-чакырыктарды айтышты.

XS
SM
MD
LG