Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:38

Ысыккөл районундагы «Ынтымак» кооперативинин чатагы боюнча атайын комиссия иштей баштады


КАРАКОЛ. Бүгүн облустук акимчиликтен алынган маалымат боюнча, Чоңсарой айылындагы «Ынтымак» кооперативин жоюу боюнча комиссиянын төрагасы Досумбай Дүйшалиев президенттик администрацияга 11 талап коюп арыз жазган. Арыз ээсинин дооматтарын жеринде текшерип чыгыш үчүн, курамына бейөкмөт жана коомдук уюмдардын көз карандысыз юристтери, саясий партиялардын, коомдук кыймылдардын өкүлдөрү кирген комиссия түзүлүп, иштей баштады. Бирок, комиссия мүчөлөрүнүн айтымында, арыз ээсинин койгон талаптарын толук колдоого алып, иликтөө мүмкүн эмес. Анткени Досумбай Дүйшалиев комиссия мүчөлөрүнө жолугушуудан баш тартып, изин таптырбай жатат.

XS
SM
MD
LG